Шашылыш кабар:

Соңку камоолор КСДПнын тагдырына таасирин берүүдө

Июнь 11th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Соңку камоолор КСДПнын тагдырына таасирин берүүдө
Саясат
0

Учурда коомчулук КСДП партиясынын саясий тагдырын талкууга ала баштады. Аталган партиядан айрым мүчөлөр кол коюп, чыгып кетип жатканы сөз болууда. Бул маалыматты аталган партиянын  өкүлдөрү да четке каккан жок. Алар мындай аракеттер убактылуу гана экенин белгилешип, партияда ырк кеткен жок деп билидирдишти. Ал ортодо саясат талдоочулар КСДП партиясынын тагдыры кыйыш абалда деп божомолдошууда.


Кыргызстан социал-демократтар партиясы саясий аренада 20 жылдан бери келе жатат. Бирок өлкөдөгү соңку саясий окуялар бул партиянын тагдырын талкууга салды.

Анткени өткөн аптада эле аталган партиядан мурдагы өкмөт башчы, партия лидеринин орун басары Сапар Исаков, КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаев камалды. Ошол эле учурда айрым мүчөлөр экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгынан кетирүүгө үндөй баштады.

Бул көрүнүштөр аталган партиядан ырк кеткенинин далили дешет эксперттер.  Мисалы, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдарга коррупцияга байланышкан деген дооматтар коюлуп жатканда, ал партияга жологусу келбей турганын билдирди.

-Мен уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган таза партияда иштегим келет. Эгерде коррупция менен айыпталып жаткан партиянын мүчөлөрүнүн күнөөсү тергөөдө тастыкталса, мен бул партияда болушум мүмкүн эмес. Бул партия менен мен бир туугандай болуп жашаган жокмун. Биз күнүгө жолугуп, маселелерди талкуулаган партия эмесбиз. Тилекке каршы андай ынтымак бизде болгон эмес жана укканда жокмун.

Ошондой эле, Рыспаев парламенттеги КСДП фракциясында азыркы жана мурунку бийликтин айланасында тымызын ажырымдын белгилери пайда боло баштаганын да четке каккан жок.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев болсо, азыркы тапта партиядан кээ бир мүчөлөр чыгып кетип жатканын тастыктады. Бирок, муну ал убактылуу гана көрүнүш катары баалайт.

-Бул партиянын мүчөлүгүнө кирген эмесмин. Бирок патриядан кетпеймин, анткени келечеги бар. Ачыгын айтсам, бизде туруктуу партия жок. Анткени алардын идеологиясы жана программасы жок. Себеби бир эле лидерге байланып, ал бийликтен кетсе, мүчөлөрү да кача баштайт. Бул адаттагыдай көрүнүш болуп калбадыбы. Партия күчтүү болсо мүчөлөрү көп болот, алсыраса башка жака кетет.

Ушул тапта саясат талдоочулар партиядан кээ бир мүчөлөрдүн чыгып кетишин ар түрдүү божомолдоп жатышат. Айрымдары КСДПнын таасири жоголуп баратканын айтса, кээ бири кийинки парламенттик шайлоого баруу үчүн башка партияга кошулууну көздөө деген ойлорун айтышууда.

Алардын бири саясат талдоочу Табылды Акеров буга чейин КСДПнын айланасына аткаминерлер бийликке келүү үчүн гана топтолгон деди.

Анын баамында, бийликке келүү үчүн кошулган чиновниктер убагында Атамбаевдин жакын чөйрөсүн түздү. Кошулгандар Акаев жана Бакиевдин кадрлары болчу. Эми алар партиянын коомдогу таасирин жоготуп, тирешүүлөрдү жаратты.

-Аталган партиянын учурдагы абалы өтө өкүнүчтүү. Партиянын саясий кеңештеги мүчөлөрү соңку саясий абалдарды көрүп жатат. Алар коомчулукка айта албасада, КСДПнын мындан кийинки тагдыры жакшы болбой турганын сезип турушат. Ошондон улам алар чыгып кетүүдө деп ойлоймун.

Саясий эксперт Даниел Кадырбеков КСДП партиясынын келечеги кандай болоору түшүнүксүз деп баалады.

Анын айтымында, партия идеянын тегерегинде эмес каржылык мүмкүнчүлүгү чоң адамдардан жана аймактык басымдуулуктун негизинде курулган. Алар Атамбаевдин кылыктарынан улам аны менен бир ассоциация болууну каалашпайт. Мүчөлөрдүн партиядан чыгуусун келечектеги шайлоого даярдык катары эсептеди.

Буга чейин «Ак Жол», «Алга» партияларынын тагдырын алып карасак. Бул партиялардын мүчөлөрү деле бир кишинин айланасына чогулуп, бийликтен кеткенден кийин чачырап жок болушту. Ушул практиканы алып караганда КСДПнын келечеги оор. Анткени бир идеясы, көрсөтө турган результаты жок, жалаң өзүнүн бизнесин сактап, эптеп бийликке келем деген чиновниктердин, коррупционерлердин партиясы болгондуктан, тагдырын айтуу кыйын.

КСДП учурда Кыргызстандагы эң ири партиялардын бири. Алар парламенттик шайлоодо 38 мандатка ээ болгон. Бирок фракция катарынан депутат Жанар Акаевди чыгарып салгандан бери, Жогорку Кеңеште 37 социал демократтар иштөөдө. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликти өткөрүп берген соң, 31-мартта Социал-деократтар партиясынын курултайында партиянын төрагасы болуп шайланган. Анда Атамбаев КСДП партиясын 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого даярдоо турганын айткан. Бирок, экс-президент ошондон бери КСДПнын мындан аркы тагдыры тууралуу азырынча комментарий же билдирүү бере элек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache