Шашылыш кабар:

Сооронкулова: Мыйзамдарды адамдарга карап өзгөртүү туура эмес

Сооронкулова: Мыйзамдарды адамдарга карап өзгөртүү туура эмес
Кыска кабар
0

Жогорку Кеңеш колундагы бийликти чектеп, бир бөлүгүн президентке берүүдө. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Президент өз алдынча эл аралык келишимдерге кол коё албагандан кийин кантип тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктай алат? Өлкө башчы премьер-министрдин макулдугу менен гана кол коёт. Премьер-министр көп нерселерге жооптуу, бизде президентти күнөөлөмөй көп», — дейт Сооронкулова.

Анын айтымында, экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча Конституцияга 15 жыл мурда өзгөртүү киргизилиши зарыл болчу. Мурдагы ажону кол тийбестигинен ажыратуу коррупцияга каршы күрөш үчүн чечүүчү роль ойнобойт. Мыйзамдарды адамдарга карап өзгөртүү туура эмес.

Эске салсак, 10-майда Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда коммиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алууну сунуштаган.

17-майда Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча сунушту колдоп берген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache