Шашылыш кабар:

Асанбеков: Парламент жеңилди…

Асанбеков: Парламент жеңилди…
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын бул жолку чыгарылышында “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

Темирбек мырза, мен жаңылбасам, сиз парламенттик шайлоого бир жолу жана президенттик шайлоого эки ирет катыштыңыз. Албетте соңкусунда кол топтоодо мүчүлүштүктөр кетти деп жарыштан четтеп калдыңыз. Саясий жараяндардын алдында активдү иштеп баштайсыз да андан соң жок болуп кетесиз. Акыркы убакта социалдык түйүндөрдө активдүү боло баштадыңыз. Азыр Кыргызстанда элесизби, эмне менен алектенип жүрөсүз?

— Эки жолу парламенттик, бир жолу президенттик шайлоого активдүү катыштым. Бирок акыркысында сыноо чегинен өткөн жокмун. Анын себебин документтердин сапаты менен байланыштырышты. Бул да саясий чечим болсо керек. Көпчүлүк мени саясий убакта гана көрүнөсүң дешет. Албетте, эл чечимдерин саясий кырдаалдарда кабыл алат. Биз элдин саясий чечимин сыйлап, мыйзамдуулукка көнүшүбүз керек. Элдин чечимдерин сыйлагандын ордуна шайлоо убагында чыр-чатактарды көбөйтүүгө көнүп алганбыз. Өлкөдө “саясатчы шайлоодон кийин көбүрөөк сын, пикир айтса ал саясаттын туура жолунда” деген туура эместү шүнүк калыптанып калган. Мен дал ушул туруксуздукту алып келген туура эмес саясаттан баш тартып, мыйзам чегиндеги шайлоо убагында активдүү чыгам. Башка учурда саясий чечимди сыйлап, түптөлгөн бийликтин иш-чарасын көрсөтүп, чет өлкөдөгү саясий маданиятты алып келүүгө аракет кылып жатам. Бири-бирибизди жамандагандан эч кандай майнап чыкпайт. Эл да өзү кабыл алган чечимдин жыйынтыгын көрсүн. Мен эч кайда кеткен эмесмин. Бийлик өкүлдөрү өзүнүн кызыкчылыгын, саясий туруктуулугун белгилегиси келип, маалымат булактарына да мүмкүнчүлүк бере бербейт.

— Азыр Кыргызстанда туруктуу жашап жатасызбы? Орусияга бат-баттан каттап турасызбы?

— Эл аралык уюмдардын илимий мүчөсүнүн активдүү катмарындамын. Албетте, бүгүнкү күндө заманбап билим булагын алып туруу зарыл. Саясий иштерге аралашкандыктан мен экономика тармагына көбүрөөк чыгам. 2010-жылдан бери Кыргызстанда жашап, коомдук ишимди аткарып жүрөм.

— Адатта шайлоо убагында жең ичинен саясий соодалар кызып кетчү эле. Саясий жараяндарга активдүү катышып жатканда сиздин тамырыңызды тартып, өз командасына кошкусу келген сунуштар түштү беле?

— Сунуштар көп болгон. Бирок адамдын баскан турганын убакыт, кылган иштери гана көрсөтөт. Биригүү тууралуу сунуштардын руханий жагын, туруктуулугун карачумун. Жеке кызыкчылыктын негизиндеги саясий сунуштардан баш тарткам. Анткени саясат – коомдун кызыкчылыгын коргоо. Ал эми жеке кызыкчылыктарга карап бириге берсек, азыркыдай оор абалга келип такалып калат. “Мекен Ынтымагы” мамлекетти түптөө багытында келе жатат. Баалуулуктун негизинде келишимдерге баш ийген эмесмин.

— Менин билишимче, сиз партия иштери менен бирге эле жаштарга “ийгиликке жетүү”, “бизнести өздөштүрүү” боюнча семинарларды өтүп жүрөсүз. Бул киреше табуу булагыңызбы же хоббиңизби?

— Жаштар билим алганы менен тажрыйбасы жок экени байкалат. Бир ишти баштап кетүүгө каражат булагы жок. Адамдын эң чон байлыгы — акыл эс тажрыйбасы. Саясатчы катары болгон мүмкүнчүлүгүмдү пайдаланып, өзгөчө айылдарда кыйналган жаштарга коомдук ишмер катары салым кошуу ниетим бар. Ар бир партия өзүнүн кадр маселесин чечүү максатын көздөйт. Албетте билимге жана тажрыйбага умтулган адамдарды өзүбүздүн саясий программаларды аткарууга камдап жатабыз. Жаштардан эч кандай акы алынбайт. Партиянын эсебинен билим берүү булактарын ачуудабыз.

— Партияңыз ушунчалык эле байбы? Сыр болбосо ким каржылайт?

— Биздин партия коомдук баалуулуктардын негизинде өз каалоосу менен бириккен адамдардын тобу. Ар бир партия мүчөсү идеянын багытында салымын кошуп, биргеликте партиянын каржы фондун түптөп келе жатабыз. Алгач моралдык жетекчи катары өзүм баштагам. Мамлекетти бир адам түптөбөйт. Партия дагы кичинекей мамлекет сыяктуу. Партиянын саны көбөйгөн сайын интеллегенциянын катмары менен биргелешип аймактарда партиянын каржы фондун түптөп келе жатабыз.

— Албетте карапайым адамдар, идеялаштар биригип жатканы жакшы, бирок ошол эле учурда саясий активдүүлүк байкалган кезде саясий күрөшкө аттанганда каржы булагы болбой туруп алардын жеңишке жетишүүсү минималдуу. Ошол жагынан алганда “Мекен Ынтымагынын” аркасында тура турган адамдар болушу керек да. Кезегинде оппоненттериңиз сизди Орусиядан алган каржы менен иш жүргүзүп жатканыңызды, акчаңыз түгөнүп калып жеңишке жетише албай калганыңызды айтышты. Ошол убакта эмне үчүн жооп берген жоксуз?

— Партия түптөөдө каржы фонду менен коомдун негизги маселесин чечүү иштерин басып өтүү зарыл экен. Өзүңүз билесиз, курулай убадаларды эл көрдү. Эч качан бекер оокат болбойт. Кыргыз элинин тагдыры кыргызстандыктардын колунда. Ар бир адам келечектеги турмушка салымын кошсо ошондо гана адилеттүү бийлик бутактары түптөлөт. Партияны башында өзүм түптөгөм. Өзүм чет өлкөдө 24 жыл эмгектенип жүргөн элем. Өзүм баштабасам башкаларды үгүттөөгө моралдык укугум болбой калат эле. Алгачкы шайлоолордо өзүм чыгып, идеяны жеткирүү багытында аракет кылган соң партиянын алгачкы тобу түптөлө баштады. Мындай адамдардын саны көбөйгөн сайын мага жеңилирээк болду.

— Колунда бар ишкерлер тарабынан “партияга жардам берейин, катарыңа кош” деген сунуштар түштүбү?

— Саясий салмак убакыт ченемдүү түптөлөт экен. Каржы булагында өзүнүн жеке кызыкчылыгы менен иштеген эпчил адамдар кепилдик болмоюнча бийликке жакын болот. Андай сунуштар болгон эмес. Азыркы учурда саясий салмак көбөйгөн сайын ар кандай сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Бирок ошондо да мамлекеттин баалуулук багытындагы келишимди алдыга коюп жатабыз. Болбосо каржы жагы менен гана түптөлгөн адам жеке кызыкчылыктын негизиндеги бийликтин системасы түптөлүп калат.

— Азыр сиз саясий салмак жөнүндө айтып жатасыз, бирок өзүңүздү тажрыйбалуу саясатчы катары эсептейсизби? Болбосо саясатта же мамлекеттик кызматта иштеген жоксуз. Кыргызстандагы саясий жүрүштөрдү өтө жакшы өздөштүрбөсөңүз керек. Бул жагы сизге кыйынчылык жаратпайбы?

— Менин келгениме 8 жыл болуп жатат. Албетте жаңы келгенде кыйынчылык болду. Саясатчылардын элди ишендирүү тажрыйбасы күчтүү болчу. Шайлоо процесстери менен аймактарды кыдырып жүрүп, ар кандай адамдар менен таанышып, кетип жаткан саясий каталарды түздөгөнгө аракет кылдым. Аша чаап, сыналгыларга чыкпаганымдын себеби да ошондо. Биринчи элдин каалоосун билип, жасалган иштердин жыйынтыгы эмне үчүн чыкпай жатканына көңүл бурушум керек эле. Саясатчы өмүр бою тажрыйба алышы зарыл экен. 2010-жылга караганда аймактардагы элдин көйгөйүн, саясатчылардын мамилелерин, түптөлгөн эрежелерди жакшы билип калдым.

— Кыргызстанда саясатта салмагы бар адамдардын кимиси менен пикирлешип турасыз?

— Саясатчылар менен талашым жок, көпчүлүгү менен жакшы мамиледемин. Алардын саясий көз караштарын билем, бирок саясий иштерге биргелешип барган эмесмин. Анткени алар мен келгенге чейин алдын-ала түптөлүп калышкан. Мен үчүн коомдук кызыкчылык жогору турат. Коом туура эмес түптөлгөн мамлекет иштерине аралашкан адамдардан арылмайынча Кыргызстан оңолбойт. Ошол тажрыйбаны үйрөнгүм келбейт. Анткени эпчилдик, жеке кызыкчылык… Мамлекетти башкаруу такыр башка принциптерде болот.

— Анда мамлекеттик кызматтарда иштегендердин барында мүчүлүштүктөр бар, алар таза эмес иш жүргүзүп жатат деп ойлойсузбу?

—   Жок, мамлекеттик кызматкерлердин 90 пайызы билимдүү адамдар. Аларга туура эмес эрежени түптөп жаткан саясаттын алдыңкы катмарындагылардын көпчүлүгү парламентте отурушат. Бир багытта келген адамдар бири-бирин каралап, чыныгы маданий жүзүн көрсөтүп жатышат. Мен башынан баштап аларга кошулбаганыма сүйүнүп отурам.

— Жакында Facebook баракчаңызга өлкө саясатында эки жүздүүлүк, кошоматчылык А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева жана А.Атамбаевден бери эле уланып келе жатканын жазыпсыз. Бул адаттардын коомчулук үчүн зыяны эмнеде деп ойлойсуз?

— Кеп адамдарда эмес, мамлекеттин туруктуу, экономикалык өнүгүүсүндө. Бул жерде адамдын жеке кызыкчылыгы жогору бааланып калууда. Ошого шарт түзүп жаткан бийликтегилердин мамилеси коомго терс таасирин тийгизип жатканын көрүп, өзүмдүн саясий көз карашымды эстетип коюуга аракет кылдым. Балким ойгонушуп, башкача сезим кабыл алып кетишет деген үмүттө жаздым.

— Азыркы парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа берет элеңиз?

— Бул парламент оор абалга келип такалып калды. Өздөрү Конституцияга байланыштуу чечим чыгарышат бирок анын жыйынтыгына биргелешип жооп берүү багытынан качып жатышат. Чындыгында эң чоң жоопкерчилик парламентте болушу зарыл. Мисалы, ар бир ата-эне өз баласына жооп берет дегендей. Жыгылганды тебелеген болуп, күнөөкөр издеген менен саясий күнөө парламенттин өзүнө келип такалып жатат. Парламент Конституциянын чегинде жогорку даражага жеткен, бирок өкмөттү түптөө маселеси эски быгатына келип такалууда. Мыйзам чегинде укуктуу болсо да алсыздыгын көрсөтүп жатат. Бул парламенттин эртеңки тагдыры кыска болуп калчудай.

— Кесипкөйлүк жагынан алганда мурунку парламенттер менен салыштырып карай аласызбы?

— Мурунку чакырылыштарда да ушул эле депутаттар отурган. Партиянын аттары өзгөрсө да ичиндеги заты өзгөргөн эмес. Парламент аны түптөгөн адамдардын сапатынан көз каранды. Болгону парламентке кирүү кайыктары алмашты.

— Сиз жетектеген партия парламенттик шайлоого катышканда бир пайыздык дагы добуш ала алган эмес эле. Азыр тактап көрсөңүз кемчилик эмнеде болгон экен?

— 2010-жылы биз коммерциялык шайлоо багытына өтүп кеткенбиз. Мен жеңилээрибизди билгем. Ошондуктан коммерциялык жол менен саясий багытты негиздөөгө каршымын. Дүйнөдө каржылык фонд менен бийлик бутагын ээлеп алуу күрөштөрү жүрүп жатат. Эртең эл көнгөн адатында сырткы душмандарга да тагдырын карматып койсо өлкө оор абалга такалышы мүмкүн. Кеп жеңишке жетүүдө эмес.

— Парламенттик шайлоодо жеңүү эмес жөн гана катышуу деген принцип болгонбу?

— Ооба. Эгерде парламентке киргим келсе партия ачып кыйналмак эмесмин. Депутатыкка барууга, өкмөткө келүүгө сунуштар да болгон. Мен убакыт ченемдүү туруктуулукту көрсөтөйүн дейм. Айткан сөздүн жыйынтыгын көрсөтүүгө аракет кылып 8 жылдан бери бир саясий багытта келе жатам.

— Саясатта туруктуулук, принцип деген маселелер канчалык деңгээлде роль ойнойт? Анткени көпчүлүк учурда кызыкчылыктардын кагылышы болуп калууда…

— Саясай туруктуулуктун, принциптин жоктугу мамлекет үчүн кооптуу нерсе. Жеке кызыкчылыктын негизинде түзүлгөн мамлекет элди жалпы баалуулуктардан адаштырат. Анын айынан айрым мамлекеттер жоголуп да кеткен. Кеп парламентке баруу эмес, коомду ыймандуу багытта негиздөө болчу. Мен муну Москвага чыгып жатканда билгем. Көпчүлүк бул узун жол экенин айткан.

— Кесибиңиз айыл чарба адиси экен. Негизи бизнесте жүрдүңүз, ал эми саясатка ким алып келди?

— Улуттук сезмим алып келди. Сыртта жүрүп экономиканын айынан кыйналган жаштарды көрчүмүн. Бирок баарынын себеби саясатка келип такалат экен. Саясат башкалар үчүн максат болсо, мага коомдук өзгөрүүлөрдү алып келүү мүмкүнчүлүгү болчу. Саясат – элдин ишеними. Качан гана элдин ишенимине таянсаң илимий жолго койгон таасирдүү иштерди аткара аласың. Элдин кыйналган катмарын көрүп, ал маселени чечүү үчүн саясатчы болууга аргасыз болдум.

— Саясатка аралашкан алгачкы жылдары коомчулук сизди Ф.Путинге окшоштурушту эле. Путин кумир туткан саясатчыңыз беле? Бирок кийинчерээк көз карашыңыз өзгөрүп кетти өңдөнөт…

— Бул маселе түз берилген суроого алынган жооптордон. Мен Москвадан келип калгандыктан мигранттарга болгон жылуу сезим бар. Дебатты Динара менен Кубат алып барып жаткан. Алар “Путинди тааныйсызбы” деп сурап калганынан аны жакшы тааный турганымды айткам.

— Азыр Орусиялык саясатчылар менен да ымалаңыз барбы?

— Орусиялык саясатчылар Кыргызстанда болуп жаткан иштерге көңүл бурушат. Биз тыгыз карым-катнаштагы мамлекетпиз. Ошондуктан алар коомго аралашкан бардык саясатчыларды таанышат. Орусиянын депутаттарын көрүп жүрөм, бирок саясатчылары менен саясий келишимге барган эмесмин. Алардын сессияларда көрсөткөн токтомдорун кабыл алам. Биз Европа, Кытай же КМШ өлкөлөрүндөгү саясаттагы таасирлүү иштерди кабыл алсак анын зыяны тийбейт.

— Сиз учурунда мигранттарга колдоо көрсөтүп жүрдүңүз. Бирок кийинчерээк мигранттардын “Мекен Ынтымагына” көп нааразычылыктар болду деген пикирлер айтылып кетти. Мунун себеби эмнеде?

— Бул меселе эл арасында мындай натыйжа болоорун билген эмесмин. Биз сыртта жүргөн мигранттарга жардам берүү борборун негиздедик. Саясатка бара электе ошол ишти баштадым. Карасам муктаж адамдардын саны көбөйүп жатат. Мен мамлекет болбогондуктан баарына жардам бере албадым. Жардам берүү борбору саясатка барууга мажбур кылды. Менде жыйынтыгы менен эмес маселенин себеби менен күрөш болуп жатат. Мигранттын чыгып жаткан булагы биздин саясий, экономикалык баалуулукка келип такалат. Колдоо бирөөнө жетсе, экинчисине жетпей калды. Мындайда адамдар албетте, нааразы болду. Орусияда саясий ишмерлер коомдук иштерге аралаша албайт. Жарандык алмашкан соң жардам берүү борборунун ишмердүүлүгүн токтотуп коюшту. Мен мыйзамга баш ийдим. Бирок миграция өкүлдөрүнө борбордун ишин токтотпой алып калуусун айттым. Тилекке каршы, биздикилер жеке кызыкчылыгын ойлоп, бириккен ишти алып бара албайт экен.

— Кыргызстанда каттоодон өткөн эки жүздөн ашуун саясий партиялар бар. Алардын арасында бир күн иштеп жок болуп кеткендерин да кездештирүүгө болот. Убагында айрымдар сизди “тили сайрап, дымагы күчтүү болгону менен колунда каражаты жок” деп да чыгышты. Эми алдыдагы парламенттик шайлоого катуу даярдык көрүп жатсаңыз керек. Акчаны бизнесиңизден аласызбы же кимдер каржылашы мүмкүн?

— Республикалык деңгээлдеги эки чоң шайлоого катыштым. Бул өтө чоң каражатты талап кылат. Ошонун баарынын жыйынтыгын көрүштү. Ушундай чоң милдетти жеке каражатым менен аткарсам, “каражаты жок” деген адамдарга таң калам. Айылдык деңгээлдеги шайлоого да ири көлөмдөгү каражат сарпталат. Саясий сабатсыздык же көрө албастыктан улам ушинтип айтып жатышат. Экинчиден, каражатка таянып баргандын арты жаман болоорун далилдеп кеттим. Элде “саясат материалдык жол менен чечилет” деген түшүнүк калыптанып калган. Мунун деңгээли өсүп, аягы завод-фабрикалар менен бүтө баштады. Бирок элдин мамлекетине болгон салымын майда, күнүмдүк оокаттар менен алдап алуу болуп, жыйырма жылдан бери топтолгон эпчил адамдар бийлик бутактарынан ажырай албай жатышат. Негизи бийлик карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн түптөлөт. Бай, эпчил адамдар мамлекет канчалык камсыз болсо өздөрүнө мыйзам чегиндеги тоскоолдуктарды аз көрүшөт. Ошондуктан социалдык жактан кыйналган адамдардын кызыкчылыгын коргоо максатында “Мекен Ынтымагын” түптөп, саясатка аралашып келе жатам.

— Парламенттик шайлоого эки жылдай убакыт калды. Айрым партиялар даярдыктарын көрүп жатышат. Жеңгишке жетишээриңиздерге ишеним барбы? Эгер жеңиш жылмайбай калса саясий активдүүлүктү уланта бересизби?

— Мен жеңип жүрөм. Анткени жеңиш качан жыйынтык көрсөткөндө болот. Парламентте отургандай, бийликке өткөндөр баары жеңилди. Парламентке барып, жоопкерчиликти алышты, бирок карыздар өсүп, экономика кыйын абалда турат. Эгер мен ишенимге татыктуу болуп калсам жыйынтык көрсөткөн күнү жеңдим деп айта алам. Азыр жеңилген партияларга боорум ооруйт.

— Четте жүрөсүз, Кыргызстанга үй-бүлөңүздү баккыдай инвестор тартып келген учурларыңызды  айтып бере аласызбы?

—  Инвестор алып келүү үчүн биринчи кезекте туруктууулук шартын түптөө зарыл. Бүгүнкү күндө тышкы карызды, саясий, коопсуздук коркунучтарын көрүп жатабыз. Биз канча аракет кылганыбыз менен акыл-эстүү инвестор Кыргызстанга келбейт.

— Бирок соңку алты жылдан бери саясий туруктуулук сакталып келе жатат да…

— Коопсуздук органдары кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Келген инвестор каражатынын кирешесин таап кетсе ошондо саясий туруктуулук түзүлөт. Өнүккөн мамлекеттерде бул маселе каралган. Бийлик институттары керек болсо ишин кандай алып кетүүнү да түптөп берет. Кыргызстанда андай шарт эмес каражатың бар экенин билгенде тоскоолдук башталат. Бийлик бутагында бир да аткаминер айлык акысына жашай албайт. Баары бийликтин кысымынын негизинде материалдык, социалдык маселесин чечет. Инвестор келүүгө саясий шарт түптөлө элек.

— Мамлекеттик кызматта иштеп бай болуу мүмкүн эмес деген ойдосузбу?

—  Мен мамлекеттик кызматкерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бийлик таасирин көрсөтүп жеке ишканалык иштери жүргүзүүсүнө каршымын. Болбосо биз азыркыдай, экономикага чоң тоскоолдук келтиребиз.

— Президент коррупция менен күрөшүүгө катуу бел байлап жатат. Мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси жана чыгашасы боюнча декларациясын тапшырып, 20 миң сомдон жогорку сатып алуулар банк аркылуу ишке ашыш керектигин айтты. Мунун баары коррупциянын алдын алып, ага бөгөт коюп бере алабы же башка рычагдар керекпи?

— Бул бир эле жакты чагылдырат. Ар бир адам татыктуу жашоого умтулуп келет. Биринчиден, коррупциянын чыгуу себептерин далилдөө зарыл. Жөнү жок бири-бирибизди күнөөлөп жатып саясий туруксуздукка барабыз. Мамлекеттик кызматкерлердин турак жай маселесин, социалдык көйгөйлөрүн мыйзам чегинде бекитишибиз керек. Бюджетти адилеттүү бөлүштүрүүдө саясий эркте, илимий жолдо саясий багытты негиздешибиз кажет. Бирөөнү күнөөлөсөк коррупция жоголуп кетпейт. Мамлекеттик кызматкер болобу, жөнөкөй ишкер болобу баарынын турмуштук багыты мыйзам чегинде адилетүү негизделиши абзел. Ошондо гана коррупциядан арылабыз.

— Кыргыз өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан аракетине, социалык-экономикалык саясатына канаанттандыңызбы?  Албетте өкмөт тез-тез алмашып жатат, бирок кимисиники көңүлүңүзгө көбүрөөк төп келди?

— Мен экономист катары Кыргызстандын Кытай менен иштешип жатканын, социалдык маселелер мигранттардын жардамы менен чечилип жатканын көрүп жатам. Негизи экономикалык багыт негизделген эмес. Ошондуктан бир да өкмөттүн саясий, экономикалык программасын, аталган шарттарды өзгөртүү багытын көргөн жокмун. Балким булар өлкөгө өнүгүү каалайт, бирок илимий деңгээлде ошол багыттар негизделген эмес. Экономикалык программанын жоктугу, кадр маселесинин туура эмес түптөлүшү, каржы булактарынын негизделбеши Кыргызстанды оор абалга такап койду. Алар да Кыргызстанды сүйөт, бирок эмнегедир саясий багытты негиздейбиз деген адамдар өздөрүнүн жеке ишмердигине чуркап кетишүүдө. 2010-жылдары өкмөт башчынын иштеринен үмүт бар болчу.  Ар кандай саясий багыттагы партиялардын бириккенин көрүп сүйүнгөм. Мен Кыргызстан биригип, баары КСДП болуп, туруктуу мамлекеттин коому иштеп кетет деп ойлогом. Колдоорун колдоп, милдетти илип коюшуп, кайра өз партиялары менен бийлик бутактарын талашып, туруксуздукка алып келип жатканын көргөн соң экономикалык багытын ача албасыбызды көрдүк. Бийликтеги саясий ишмерлер жеке ишканаларын иштетип жатканын көрүп, мен аларга кошулган жокмун.

— Сиз эч бир партияга биригип же алардан чыкпай өз алдынча партияңыз менен гана келе жатасыз. Менимче, саясий орундардан сырт жүргөн адам катары мурунку жана кийинки ажолордун ортосунда түзүлүп жаткан кырдаал же мамилеге кандай баа берет элеңиз? Болбосо бул мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

— Мыйзам барыбыздын турмуштук багытты негиздеп, тартипке отуруубуз. Бирок эрежелер негизинен жогорку деңгээлде бузулат. Карапайым эл балким тартипке баш ийер, бирок кабыл алынган мыйзамдар жогорку саясий деңгээлде бузулуп жатат. Муну А.Акаев, К.Бакиев же андан кийинки жетекчилер кылды деп айта албайм. Болгону саясий тажрыйбанын жоктугунан улам болуп жатат. Ошонун кеспети мамлекет башчыларынын башына кайра келип тийди. Балким муну да басып өтүшүбүз керек.

— Саясий тажрыйба кимде жетишсиз болду, А.Атамбаев же С.Жээнбековдобу?

—  Жээнбековго баа берүү кыйын, ал жаңы келди. Атамбаевдин учурундагы убакыт экономикага көңүл бурулбай, ар кандай саясий чыр, талаштар менен гана өтүп кетти. Кыргызстандын экономикасы оор абалга такалаарын 8 жыл мурда эле айткам. Ал бүгүнкү күндө негизделип отурат.

— Андай болсо ошол мамилени кантип бекемдеш керек? Туруктуулукту кантип камсыздоо зарыл? Кээде өкмөт бир жылга жетпей да алмашып жатат…

— Буга коомчулук баа бериши керек, ал абдан маанилүү нерсе. Коомчулуктун баалуулугунун негизинде биригүү зарыл. Мисалы, мен бир саясатчы үчүн эмес, коомдун кызыкчылыгы үчүн барам. Өлкөдө ынтымык жок болгондуктан элдин башы бирикпей турат. Бирикпеген элдин башында эч качан жыйынтык чыкпайт. Ар ким өзүнүн макстатында иш алып барууда. Мен эч качан адамдык сапатына тийишкен эмесмин, ар кимдин кадыр-баркы өзү үчүн ыйык.

— Азыр сырттан туруп сын айтып, баа берип жатасыз. Эгерде азыркы өкмөткө чакырса, барып иштеп берет белеңиз? Ошол идеяларды да өкмөт мүчөсү катары ишке ашырууга болот да..

— Азыр эч кандай саясий кепилдик берилбейт. Ошондуктан барган эмесмин. Иш алып баруу үчүн сөзсүз түрдө шарт түзүлүшү зарыл. Күчтүү болгондо да 8-9 айлык өкмөттүн ишинин жыйынтыгын көрсөтө албайбыз. Эпчилдер жеке кызыкчылыгын түптөөгө ашыкканы үчүн ушундай абал жаралууда.

— Айтыңызчы, азыр Кыргызстанда жашап жатасыз бирок коомдо “саясий кырдаалды баягы эле жүздөр келип жатат” деп айтылууда. Жаңы муундун келүүсүнө эмне тоскоолдук кылып жатат?

—  Жаңы муун саясатка келиши үчүн жаштар да коомдук иштерге аралашуусу зарыл. Саясатка аралашканда гана жаңы жүздөр пайда болот. 1 млн сыртта жүргөн уул-кыздардын арасынан тарыхта биринчи жолу мен келдим. Эмне үчүн алар келип аралашпайт? Сиз айткандай, алар жеке оокатын аяшат. Анткени саясат — ысык-суугу бар сыноо. Жаңы адамдар шайлоодо пайда болот. Мен мамлекеттен бир тыйын акча албай өзүмдүн саясий иштеримди жүргүзүп жатканыма ыраазычылык билдирүүнүн ордуна баары кемчиликтерди издешет. Бул да болсо убакылуу. Эл өзү туура баа берет деген ойдомун.

— Азыркы учурда бизнесиңизди ким алып иштетип жатат же өзүңүз эле өнүктүрүп жатасызбы? Анткени саясат менен бизнести айкалыштырып кетүү бир топ опурталдуу…

— Мен саясатчылардын бизнеске аралашуусуна каршымын. Чет өлкөдө мурдатан түптөлгөн турмуш багытым бар. Балдарым да өз оокатын кылып жатышат. Үй-бүлөмдүн саясий иштерге аралашуусуна каршымын. Саясатчылардын ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө мыйзам чегинде тыюу салынбаса коомдук кызыкчылык түптөлбөйт.

— Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache