Шашылыш кабар:

Адис: 1 чакырым жолго кеткен каражат миң бейтаптын өмүрүн узартмак

Адис: 1 чакырым жолго кеткен каражат миң бейтаптын өмүрүн узартмак
Ден соолук
0

Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллиондой киши көз жумган. Ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашат. Адистер ВИЧ илдетине чалдыккан бейтаптын дартын өз убагында аныктап, дарыласа, алар да үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, узак өмүр сүрө алат. Бирок коомчулукта кодулоо мамилесинен улам дарылануудан баш тартып, каза болгон бейтаптардын саны азайбай келет.


Атын атагысы келбеген мекендешибиздин жолдошу ВИЧ-СПИДден каза болгон. Жолдошу каза болгонго чейин ал анын диагнозун эмес, СПИД боюнча өмүрүндө уккан эмес.

-Жолдошум катуу ооруп каза болду. Дарыгерлер так диагноз коё алышпады. Көзү өткөндөн кийин СПИД деп айтышты. Буга байланыштуу мени да анализ тапшыр дешти. Мен бул оору боюнча такыр уккан эмесмин. Анализдин жыйынтыгы да мени ВИЧ статус деп чыгарды. Кайын журтума айтсам, жолдошумдун өлүмүнө мени күнөөлөштү. Эгерде коомчулукту мындай жаман кабыл алган оору болгонун билгенимде айтпайт элем.

Ал эми Үмид бул дарттын айынан карындашын жоготкон. Ал кезде өзү да ооруп, маалыматы жок болгондуктан жардам бере алган эмесмин дейт. Өзү да кодулоого кабылганын айтып, тилекке каршы мындай учурлар азыр да бар экенин белгилейт.

-Карындашым ушул дарттан көз жумган. Ал кезде мен өзүм да ооруп, жардам бере алган эмесмин. Бул ооруга чалдыккан кишиге эң кыйыны коомчулуктун кодулоо мамилеси. Андан коркуп көпчүлүк айта албай жүрүшөт. Мен билгенден азыркы учурга чейин 6 киши гана статусун ачык айтышты. Мен да башка бейтаптарга үлгү болоюн деп ачыкка чыккам.

Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон бейтаптарды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Анткени бул дартка кабылып каза болгондордун саны азайбай жаткандыгын сандар тастыктайт. ВИЧ эпидемиясы башталган 1981-жылдан бери дүйнөдө 76 миллиондой киши катталган. Анын 35 миллиону каза болгон. Учурда 36 миллиондою ВИЧ инфекциясы менен жашайт. Алардын жарымы аялдар болсо, 2 миллионго жакынын 15 жашка чейинки жаш балдар түзөт. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 21 миллиондой киши гана, башкача айтканда 53% гана дарыланат. Адистердин айтымында бейтаптардын убагында статусу аныкталбай, дарыланбай калгандыгы үчүн өмүрү кескин кыскарат. Мисалы Кыргызстандын көрсөткүчүндө катталган 8 миң 158 кишинин  3 миң 400 гана дарыланат. Калгандары дарылануудан баш тартат. Негизги себеп кодулоо дейт Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов.

ВИЧ илдети жаңы катталганда коомчулукта башкача түшүнүк болуп, “21-кылымдын чумасы” деп аташып, коркушкан. Ошондон улам жада калса дарыгерлер да ал бейтаптарды башка бөлмөгө жаткырып, ушундай мамиле жасашкан. Мунун кесепетинен бейтаптар келип текшерилүүдөн, дарылануудан баш тартып, көпчүлүгү каза болгон. Анын үстүнө антиретровирустук дарылоо ыкмасы бизге 2006-жылдан баштап келгендиктен ага чейинкилер дарыланбай эле каза болушкан.

Бейтаптар үчүн эң негизги нерсе дарылануу. Өз убагында чара көрүү менен алар да ар бир киши сыяктуу үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, узак өмүр сүрө алат дешет дарыгерлер. Бирок мында каржы маселеси туулат дейт Сорос-Кыргызстан фондунун коомдук саламаттык программасынын директору Айбек Муканбетов. Маселен учурда мамлекеттик программанын 50% глобалдык фонд, 20% мамлекет каржылайт. Калган бөлүгү бош турат. Эгерде толук каржыланбаса жыл сайын ВИЧке чалдыккандардын саны көбөйөт дейт Муканбетов. Анын үстүнө кийинки 2-3 жылдан кийин глобалдык фонд каржылоону токтотот.

Биз мамлекеттен чоң нерселерди сурап жаткан жокпуз. Бейтаптардын өмүрү, ден соолугу үчүн оптималдуу жолдорду сунуштап жатабыз. Мисалы азыр жолдор оңдолуп, салынып жатат. Мисалы 1 км жолду курууга кеткен каражат менен 1 миң бейтапка 1 жылдык дарыланууну камсыздап берсе болот. Бул жерде жарандардын өмүрү жөнундө сөз болуп жатат. Биз мамлекеттен глобалдык фонд кардылоосун токтотконго чейин кандайдыр бир деңгээлде жолун табууну суранат элек. Антпесе Кыргызстан дүйнөдө ВИЧ илдетинин көрсөткүчү бат көбөйгөн өлкөлөргө кирет.

1-апрелге карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда 8миң 158 киши ВИЧ инфекциясы менен катталган. Алардын 7 миң 728 Кыргызстандын жараны.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache