Шашылыш кабар:

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкарат

Май 17th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкарат
Дүйнө кабарлары
0

Казакстан парламенти президент Нурсултан Назарбаевдин өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектей турган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу “EurAsiyadaily” cайты юстиция министрлигине таянып жазып чыкты.

Коопсуздук кеңешинин милдеттерине, мамлекеттик саясаттын улуттук коопсуздугун, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн негизги багыттарын карап чыгуу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо кирет.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңеши жана анын аппаратынын чыгымдары республикалык бюджеттен каржыланат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздаган орган катары Коопсуздук кеңешинин ролун жана ордун ачык аныктоого мүмкүндүк берет.

Межлиске жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунда, Казакстандын биринчи президенти өмүр бою өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектөөгө укуктуу боло тургандыгы белгиленген. Докладды уккан соң катталган 104 депутат тең мыйзам долбоорун жактырган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache