Шашылыш кабар:

Экс аткаминерлердин соттук отуруму жылдырылды

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Экс аткаминерлердин соттук отуруму жылдырылды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жана мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин иши 1-июнга саат 10:00гө жылдырылды. Буга Айдаралиевдин ооруканада жатканы себеп болду.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата «коррупцияны уюштуруу» беренесинин негизинде айыптар тагылган. Муну менен бирге, Өкмөттүн Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө» мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache