Шашылыш кабар:

Канатбек Бегалиев күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды

Май 15th, 2018 | by Канай Анаркулов
Канатбек Бегалиев күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды
Спорт
0

Канатбек Бегалиев Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунда туулган. Грек-рим күрөшү боюнча балбан, дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону жана 2008-жылы – Пекинде өткөн олимпиада оюндарындагы күмүш медалдын ээси.

Буга чейин ал грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келген. 2017-жылдын 18-октябрында өз каалоосу боюнча кызматынан бошотулган.

Айта кетсек, буга чейин федерациянын биринчи вице-президенти болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу иштеп келген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache