Марал Радиосу

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын испектору опузалап пара алууга шектелип кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын К.А.А. аттуу инспектору беш жүз миң сом пара талап кылууга жана документтештирүү  фактысы боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 3-бөлүгү өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 14-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда  мамлекеттик салык кызматынын инспектору К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. 

Учурда тиешелүү тергөө – ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Exit mobile version