16-январында Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылууша шек саналып, блогер кармалды. Бул тууралуу 18-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак жана Ноокен райондорунда иш алып блогер С.А.М. кармалды. Келип түшкөн арыздардын жүрүшүндө, кармалган адам, Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды коркутуп, социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Учурда тергөө амалдары менен 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталган.
«Кээ бир учурда УКМК менен байланышы бардыгын айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн.
«Айка Мусаеванын» бул кылмыштуу иш-аракети Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал дагы кармалган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды.