Марал Радиосу

Ысык-Көлдө 729 миллион сомго бааланган конок үйү мамлекеттин балансына өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Бермет» мамлекеттик пансионатынын (Азыркы “Отель Евразия » эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Министрлер кабинетине караштуу   Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына жалпы аянты 20 гектардан ашык, базар баасы 729 682 000 сом болгон «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жер  тилкелери өткөрүлүп берилди.

УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди кайтаруу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.

Exit mobile version