Марал Радиосу

16-январга карата валюталар курсу тууралуу маалымат

Акыркы сутка ичинде доллардын, орус рублинин жана юандын сомго карата расмий курсу төмөндөп, евронун жана тенгенин курсу жогорулады.

16-январга карата Бишкектеги банктарда доллар орто эсеп менен 87,30 сомду түзүүдө. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 87,44 сом.

Евронун сомго карата курсу жогорулаганы байкалды. Учурда бир евро орто эсеп менен 89,60 сомдон сатып алынып, 90,60 сомдон сатылууда. Расмий курс 90,0422 сомду түздү.

Ошондой эле орус рубли да төмөндөп, банктарда 0,84 сомдон сатып алынса, 0,8650 сомго чейин сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,8535 сомду түздү.

Теңгенин да курсу жогорулаганы байкалды расмий курс – 0,1652 сом.

Ал эми юань да төмөндөп, бир юань11,9273 сомду түзүүдө.

Exit mobile version