Марал Радиосу

Ош облусунда 32 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунда баасы 500 млн сомдон ашуун 32 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Кара-Суу районундагы жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн сомдон ашык 32 га жер тилкеси акысыз негизде өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.

Exit mobile version