Марал Радиосу

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

1-январдан 3-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Exit mobile version