Connect with us

Президент бир жылда канча өлкөгө барды?

Кыска кабар | 30 Дек 2024 | 223 | 0

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 25 өлкөгө ар кандай деңгээлдеги иш сапарлары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 30-декабрда маалымат жыйынында айтты.

Садыр Жапаров жыл ичинде эки өлкөгө, 24-25-апрелде Азербайжанга, 18-19-июлда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган.

Ал эми расмий визит менен 18-19-апрелде Казакстанга, 3-4-октябрда Италияга, 2-4-декабрда Корея өлкөлөрүнө барган.

Казакстанга жасалган расмий визиттин алкагында 300 млн долларлык келишимдер кабыл алынган.

Ал эми Түштүк Кореяга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында 500 млн долларлык ар тараптуу келишимдерге кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM