Марал Радиосу

Орозбек Дүйшеевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагынын Эмгек сиңирген кызматкери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, геолог Орозбек Дүйшеев 27-декабрь түндө, 93 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ал 1932-жылы, 1-апрелде Талас облусунун Көк-Таш айылында туулган.

Эмгек жолун Кызы-Кыядагы көмүр шахтасында баштап, өмүрүнүн дээрлик бардык учурун тоо-кен тармагына арнаган. Бул тармакта жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, 2000-2005-жылдары Коммунисттер партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Өмүрүнүн аягында Кыргызстандагы Коммунисттер партиясынын бюро мүчөсү, Тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин байкоочу кеңешинин төрагасы болуп турган.

Орозбек Дүйшеевдин сөөгү 28-декабрда жерге берилди. Ал Бишкектеги үйүнөн узатылып, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Exit mobile version