Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Кыргызстандан чыгып кеткендиги айтылууда. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук бааркчасына жазды.
«Матриарх укук коргоочу, бардык саясий куугунтукка, басымга дуушар болгондорду 30 жыл бою коргоп келген Азиза Абдирасулова эжебиздин өлкөдөн чыгып кетиши менин ички дүйнөмдү оодарып салгандай болду.
Азиза эже менен өзүм сүйлөшүп бул маалыматтын чын экенине ынандым. “Үйүмдү кечкисин 2 машина, 5-6 жигит тооруп, ар жактан коркутуулар келе баштаганда кетүүгө мажбур болдум” деп тастыктады»,- деп жазды Равшан Жээнбеков.
Азиза Абдирасулова «Кылым шамы» укук коргоо борборунун негиздөөчүсү.