Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жылдык жүк ташуу көлөмү 15 миллион тоннага жетип, транспорттук чыгымдарды жана Кытайдан Европага жүк жеткирүү убактысы кыскарарын айтты. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы жазды.
Анда ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу экономикалык жактан Борбор Азия үчүн өзгөчө экендигин белгилеген.
“Бул ири инфраструктуралык долбоор алдыдагы инженердик, инновациялык жана санариптик чечимдерди колдонуу, жогорку экологиялык стандарттарды сактоо негизинде кеңири кызматташтыкты жаратат.
Мындан тышкары, заманбап транзиттик-логистикалык инфраструктура, кампалар жана терминалдар түзүлөт. Бул магистралдын ишке кириши аймактык соода жана инвестицияларды бир нече эсе көбөйтүүгө, транспорттук чыгымдарды кескин азайтууга жана Борбор Азиянын транзиттик потенциалын ачууну камсыз кылат деп бааланууда.
Биздин коридор аркылуу жылдык жүк ташуу көлөмү 15 миллион тоннага чейин жетет. Кытайдан Европа өлкөлөрүнө жүк жеткирүү аралык жана убактысы бир нече миң километрге жана дээрлик бир аптага кыскарат”- деген ал.
Ошондой эле жүргүнчү ташыган да каттамдар уюштуруларын кошумчалаган.
27-декабрда Жалал-Абад облусунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу башталган. Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров катыштып, ал эми Кытай менен Өзбекстандын президенттеринин кайрылуусу окулган.
Садыр Жапаров темир жолдун курулушу Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштырган жаңы көпүрө болорун айтткан.
Быйыл 21-декабрда Бишкектеги «Ынтымак-Ордо» администрациясында Кыргызстандын министрлер кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлган.
«Кытай-Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу — бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү элементи экенин жана өлкөлөргө социалдык-экономикалык натыйжаны гана алып келбестен, региондор аралык байланыштарды чыңдай турганы айтылып келет.
Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланып, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын базарларына (анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздайт) жол ачат.
Долбоордун жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар болсо, анын тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Бул сумманын 51%ын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.
Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет.
Темир жол «Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад – Анжиян» багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.
Кыргызстандын аймагында 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.