Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кыргызстандын АКШдагы элчилигин буга чейин Бактыбек Аманбаев жетектеген. Ал президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен быйыл 25-октябрда кызматтан бошотулган.
Айбек Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. «Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси» дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директоруна чейинки дипломатиялык баскычтарын өткөн.
2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.
2017-жылдын августунан баштап Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи — кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Тышкы иштер министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.