Марал Радиосу

Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болду

Таалайбек Абыкеев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев кол койду.

Беш жылдык мөөнөткө дайындалган Таалайбек Абыкеев буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. Ал 49 жашта.

Exit mobile version