Марал Радиосу

Байден АКШнын 2025-жылга коргонуу бюджетин бекитти

АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн 2025-жылга карата коргонуу үчүн рекорддук деңгээлдеги 895 миллиард доллар өлчөмүндө бюджетин бекитти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9 миллиард долларга көп. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө кабарланды.

АКШнын негизги документтеринин бирин түзгөн бул долбоор, Пентагондун пландарын ишке ашырууга, ошондой эле Энергетика министрлигине каражат бөлүүнү карайт. АКШнын Өкүлдөр палатасы долбоорду 11-декабрда, Сенат 18-декабрда жактырган.

Exit mobile version