Бишкектин Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда чарчап калган үч жаштагы Алиянын иши боюнча 23-декабрда өкүм чыкканын аталган соттун басма сөз кзматы билдирди.
Маалыматка караганда, айыпталуучулардын бири – стоматолог Айганыш Кадыркулова 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле анестезиолог Айнура Туратбекова 6 жылга кесилди. Ал буга чейин камакта болчу.
Ахунбаев атындагы Медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков 5 жылга кесилип, 3 жыл пробация берилди.
Стоматологдун жолдошу Данияр Таалайбеков 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөө өкүмү чыкты.
“Дентомакс” жеке клиникасынын директору Байыш Шамурзаев коюлган айыптар боюнча акталды.
Соттолуучулардан жабырлануучуларга моралдык компенсация үчүн 1 млн сом жана материалдык чыгым үчүн 541 745 сом өндүрүү чечими чыкты.
Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда Бишкекте стоматологиялык клиникада тиш дарылоо учурунда чарчап калган.
Алиянын жакындары бир нече жолу президент Садыр Жапаровко жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевке кайрылышкан.