Марал Радиосу

Кыргыз энергетикасына 90 жыл: электр энергияга болгон тариф жыл сайын көтөрүлүп турат

Кыш мезгилинде айрым аймактарда жарык өчүрүлүп жаткан мезгилде Энергетика министрлиги 90 жылдыгын белгиледи. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, өкмөт мүчөлөрү жана энергетиктер катышты. Президент энергетика тармагында инвесторлорго бардык шарттар түзүлгөнүн, өлкө боюнча күн жана шамалдан алынуучу жаңы электр станцияларынын курулушу башталып жатканын айтты. Энергетика министри Таалайбек Ибраев жыл сайын май айында энергетикалык инфляцияга жараша тариф кымбаттарын белгиледи. Казакстандын энергетика министринин орун басары Сунгат Есимхановдун айтымында, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика маселесин гана чечпестен, суу маселесин да четет.

Президент Садыр Жапаров энергетиктердин мааракесинде өлкө боюнча күн жана шамалдан алынуучу жаңы электр станцияларынын курулушу башталып жатканын, инвесторлор үчүн инвестициялык шарттар түзүлүп жатканын айтты. Анда преференциялар жана салыктык жеңилдиктер, ошондой эле каржылык кепилдик жана электр энергиясынын баасын чет өлкөлүк валютада аныктоо мүмкүнчүлүгү каралганын белгиледи.

Садыр Жапаров өз сөзүндө “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтоду.

“Кылым долбоору аталган “Камбар- Ата 1” ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү фазада турат. Буюрса, жайга чейин ГЭСтин дамбалык базасын жана башка инфратүзүмдүк объектилерди курууга киришебиз.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат”, — деди президент.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 50-60 жылдан бер иштеп келе жаткан ГЭСтерде жаңылоо иштер жүргөнүн белгиледи. Ал Токтогул ГЭСинде үч агрегат бүткөнүн, келерки жылы төртүнчү агрегат да кошуларын муну менен алдыдагы дагы 50 жыл оңдоп-түзөөсүз иштээрин айтты.

Ошондой эле ал “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын ортосунда документтер даярдалып жатканын, 6 жарым жылдын ичинде курулушу бүтөрүн белгиледи.

“Эң чоң долбоорлордун бири 1860 МВттык “Камбар-Ата-1” ГЭСи, Кыргызстандын бюжетинен 4 млрд сомго жакын каражат бөлүнүп берилди. Азыр ишти баштоо жумуштарын жүргүзүп жатабыз. Жолдор курулуп, туннелдер казылып, жумушчулар үчүн жашай турган орундуктар даярдалып жатат, мунун баары май айына чейин бүтөт. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын ортосунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча макулдашууларды даярдап жатабыз. Ар бир мамлекетти каржылаганга Дүйнөлүк банк милдеттеме алып жатат. Техникалык, экономикалык негиздеменин негизинде алты жарым жылдын ичинде курулушу бүтүп калат. Муну курууну негизги максаты энергетикалык коопсуздук, айыл чарба коопсуздугу. Себеби кошуна өлкөлөр айыл чарба багытындагы суусун бизден алат. Ошол суу сактагычка чогулган суу менен камсыз кылабыз”.

Буга чейин 2025-жылдын май айынан тарта электр энергиясы дагы кымбаттары айтылган. Министр жыл сайын май айында электр энергияга болгон баа көтөрүлөрүн айтты.  

Анын айтымында, тарифтердин жыл сайын көтөрүлүшү инфляциянын деңгээлине жана энергетикалык жабдуулардын баасынын өсүшүнө жараша болот жана болжол менен 15-20 пайызды түзөт.

Казакстандын энергетика министринин орун басары Сунгат Есимхановдун айтымында, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика маселесин гана чечпестен, суу маселесин да четет.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикасы үчүн жакшы долбоорлордун бири. Анткени бул долбоор бир гана энергетика маселесин чечпестен, суу маселесин да чечет. Ошондуктан биз бул долбоорду биргеликте ишке ашыруубуз керек”.

Бишкекте өткөн III Элдик курултайда Ош шаарынан келген делегат Нуркыз Кадырбекова Кыргызстанда энергетика таңсыктыгы көйгөй бойдон калып жаткнын айткан.

Ал Кыргызстандагы энергетика таңсыктыгын Ош шаарын мисал келтирүү менен түшүндүрүп берген.

Айтуусунда Ош шаары күнөстүү аймак болгондуктан ар бир тейлөөчү бюджеттик мекеме ишканаларында, салттуу эмес энергетика өндүрүү үчүн күн панелдерин коюуга болот.

«Аны ким коет? Кыргызстанда уникалдуу Жогорку технологиялык окуу жайларынын бири Ош технологиялык окуу жайы Ош шаарында жайгашкан. Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн корпусуна энергетика өндүрүүчү күн панелдерин коюшту. Бирок мен эмнеге мекеме ишканаларга койбойсуңар деп сурасам, алар Энергетика министрлиги тарабынан лицензия берилбегендигин айтышты. Урматтуу президент, ушул практиканы Ош шаарынан баштап, андан соң Жалал-Абад, Баткен облустарына жайылтсаңыз, жаштарга практика, жумуш орду жана энергетикада гаджетти колдонуу, ошондой эле калкты тейлөө борборлорундагы узун кезекти жоюуга жакшы мүмкүнчүлүк болмок», — деди ал.

Жыл сайын кыш мезгилинде өлкөдө айрым аймактарда жарык өчүп турарын тургундар айтып келишет. Мындай учур быйыл да катталып жатканын социалдык тармак аркылуу жарандар билдирип келет.

Садыр Жапаров 14-декабрда Кыргызстанда учурдагы энергетикалык абал тууралуу “Кабар” агенттигине маек берген. Анда президент азыркы маалда электр энергиясына болгон тартыштык 3,9 млрд кВт саатка жеткенин, буга 30 жыл аралыганда өлкөдө жаңы ГЭСтер курулбаганын себеп катары түшүндүргөн.

Жакынкы 3-4 жылдын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюла турганын кошумчалаган.

Өлкөдө электр энергиясына болгон тариф 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт/сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген.

Exit mobile version