Марал Радиосу

Шыкмаматов: ЭТТНди беш багытка гана калтырып, калганын жоюу керек

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) беш багытка калтырып, калганын баарын бошотуу керек. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-декабрдагы жыйынында айтты.

Анын пикиринде, ЭТТН бүгүнкү күндө терең анализ жасалбай, бир топ кемчиликтер менен ишке кирип калган. Ошондуктан Шыкмаматов аны бюджетти түзгөн товарлардын беш түрүнө калтырып, калганына ЭТТНди жоюуу керек деп эсептейт.

Шыкмаматов бул чакан жана орто бизнеске чоң колдоо болорун билдирди.

“Система 13 миңден ашык товарды камтыйт – тиш чукугучтан тартып мунай азыктарына чейин, бул ашыкча жүктү жаратып, башкаруунун натыйжалуулугун төмөндөтөт. Мындай ыкма суроолорду жана сынды жаратат, анткени мындай кеңири ассортиментти камтуу бизнес үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Бул жалпыланган ыкма натыйжасыз жана кайра карап чыгууну талап кылат», — деп белгиледи ал.

Быйыл өлкөдө товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүнө (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) карата бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Exit mobile version