Марал Радиосу

Абдыкадыр Орозбековго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бир катар жаранга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча Жарлыктарга кол койду.

Анын ичинде мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековго (каза болгондон кийин) ыйгарылды.

Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы жазуучу, прозаик жана публицист Кеңеш Жусуповго, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетовго берилди.

Ал эми III даражадагы “Манас” ордени Кыргыз билим берүү академиясынын технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери Абакир Мамытовго, жазуучу Акбар Рыскуловго ыйгарылды.

III даражадагы “Эрдик” ордени менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев, издөө боюнча ыкчам өкүлү Дильмурат Шамшиев (каза болушкандан кийин) сыйланышты.

Мамлекеттик сыйлыктарды алган жарандардын толук тизмеси бул шилтемеде.

Exit mobile version