Марал Радиосу

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду 

Президенттин «Ынтымак-Ордо» администрациясында Кыргызстандын министрлер кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Инвестициялык макулдашууга Министрлер кабинети тарабынан – Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ал эми инвестор тараптан – «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу компаниясы» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койду.

Иш-чарага катышкандар «Кытай-Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу — бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү элементи экенин жана өлкөлөргө социалдык-экономикалык натыйжаны гана алып келбестен, региондор аралык байланыштарды чыңдаарын билдиришти.

Быйылкы жылдын 27-декабрында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоого старт берилет.

Exit mobile version