Марал Радиосу

Жалал-Абаддын Сузак районунда 2 скважина калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 скважина калыбына келтирилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын «Ош гидрогеологиялык партиясы» түштүк филиалы Сузак райондук суу чарба башкармалыгы менен биргеликте дагы 3 скважинаны калыбына келтирүү менен аймактагы суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча иштерди улантууда.

Бул айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана аймактын жаратылыш жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Скважиналар жер астындагы булактардан суунун туруктуу агымын камсыз кылат, бул дарыялар жана каналдар сыяктуу жер үстүндөгү суу тартыш болгон мезгилде дыйкандарга талааларды сугарууга мүмкүндүк берет.

https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2024/12/WhatsApp-Video-2024-12-19-at-12.33.26.mp4

Exit mobile version