Марал Радиосу

Ысык-Көлдө 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда кечки саат 20:46да Кыргызстанда очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version