Марал Радиосу

Бишкектеги кол салуу. Кылмышка шектүүлөр аныкталды

Ушул жылдын 11-декабрында Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө орун алган каракчылык фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр аныкталды.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, белгисиз төрт адам физикалык күч колдонуу менен акча алмаштыруу жайынан чыгып бараткан М.А аттуу жарандын ири суммадагы, тактап айтканда 31 млн сомдон ашык каражатын алып кетишкен.

«Бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар төрт шектүүнү тең аныкташкан. Бирок алар тууралуу маалыматтар тергөөнүн купуялуулугу үчүн ачыкка чыгарылбайт. Учурда кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version