Марал Радиосу

Башар Асад бийликтен кеткенден кийин, биринчи билдирүү таратты

Сирияда бийликтен кулатылган Башар Асад жарандык согуш жана андан кийинки окуялар учурунда бир да жолу отставкага кетүү же башпаанек издөө мүмкүнчүлүгүн эске албаганын айтты.

Анын ырасташынча, 8-декабрда Дамаскка чейин куралдуу топтор жакындап калганда Сириядан чыгып кеткен. Бул Башар Асаддын бийлик алмашкандан берки биринчи ачык билдирүүсү.

Башар Асаддын басма сөз кызматынын Telegram каналында тараткан билдирүүсүндө, согушкерлер Дамаскка киргенден кийин ал Сириянын Латакия провинциясына бет алганы айтылат. Анын борбордон кетиши «орусиялык союздаштары менен макулдашуу боюнча жана согуштук аракеттерге андан ары мониторинг жүргүзүү максатында» ишке ашырылган. 8-декабрда Асад Орусияга учуп кеткен.

Башар Асаддын айтымында, ал борбор шаарды согушкерлер басып алганын Дамасктан кеткенден кийин билген. Ал “террорчулар” басып алган өлкөдө президент бойдон калуу маанисиз деп эсептегенин билдирген. Башар Асаддын айтымында «акыркы аскерий позициялар жок кылынган жана натыйжада бардык мамлекеттик институттар өз милдеттерин аткарбай калган».

«Менин Сириядан кетишим пландалган эмес жана айрымдар айткандай, согуш жүрүп жаткан акыркы сааттарда болгон эмес», — деп баса белгиледи ал.

Башар Асад өлкөнү 2000-жылдан бери, анын үй-бүлөсү 1971-жылдан бери башкарып келген. Рейтер агенттиги өз булактарына таянып, 7-декабрда Асад кетээрине бир нече саат калганда чалгын кызматтарынын жана армиянын жогорку даражалуу 30 өкүлүн орусиялык аскерлердин кошумча күчтөрү «жолдо» деп ишендиргенин жазган. Ошол эле учурда, агенттиктин маалыматы боюнча, ошол эле күнү кечинде ал орусиялык авиабазага жөнөп кеткен. Bloomberg бир нече атын атабаган булактарга таянып, исламчылар Дамаскка жакындап калганда Орусия Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө эгер ал “дароо” кетүүгө макул болсо, “коопсуз эвакуациялоону” сунуштаганын кабарлаган.

Exit mobile version