Марал Радиосу

Ташиев Чыныбай Турсунбековдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкү тууралуу маалымат берди

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында Чыныбай Турсунбековдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, кылмыш ишинин алкагында Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык баасы 2 млрд 40 млн сомду түзгөн «Капитал Банк» ААКсынын 100 пайыз үлүшү мамлекетке өткөрүлдү.

Ошондой эле ал Турсунбековдун ээлеп алган «Бишкек» ликер-арак заводу ЖЧКсы да толук бойдон мамлекетке өткөрүлгөнүн белгиледи.

«Чыныбай Турсунбековдун аялы кайсы бир алдамчылар менен байланышып, ошонун негизинде мени, УКМКнын төрагасын пара менен кармайбыз деп, мага 5 млн доллар даярдашкан. Бул жерде чет элдик да бир эки башка кызматтар катышкан. Бирок, биздин балдардын кыраакылыгы менен ошол алдамчылар кармалып, 5 млн долларын мамлекетке өткөрүп койдук. Алар менин 1 сом да пара албастыгымды билишпейт окшойт. Бул аларга сабак болду», — деди ал.

Exit mobile version