Марал Радиосу

Арал – Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланды

Арал – Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Түндүк – Түштүк альтернативдик автожолунун 243-296-чакырым аралыгындагы Арал-Казарман участогундагы тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда жол тилкеси толугу менен тазаланды. Бирок жаан–чачындан улам аталган жолго таштар кайрадан кайталанып түшүүдө.

Буга байланыштуу министрлик жолчулар автожолду тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатканын белгиледи.

Exit mobile version