Марал Радиосу

Ташиев президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Кийинки президенттик шайлоого Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышпайт. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.

Ташиев азыркы президент Садыр Жапаров ийгиликтүү иштеп жатканын, кийинки президенттик шайлоодо аны колдой турганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө президент Садыр Нургожоевич иштеп жатат. Эгемендик алгандан бери президенттердин арасынан ийгиликтүү иштеген президенттердин бири болду. Эки жылдан кийин боло турган президенттик шайлоого президент Садыр Нургожоевичтин барууга юридикалык укугу бар. Мен эч кандай президенттикке койбойм. Президенттик шайлоого барбайм. Мен толук Садыр Нургожоевичти колдоп чыгам. Эми ал кишиден башка кимди колдошубуз мүмкүн?

Өзүңөр айткылачы, кимди колдой алабыз? Бекназаровду президент кылалыбы, Равшан Жээнбековду президент кылалыбы? Кайрадан Атамбаевди алып келип, президент кылалыбы? Мунун баарын көрдүк, өттүк. Жакшы көргөн президентибизди мындан ары колдошубуз керек. Кийинки Конституция менен Садыр Жапаровдун эки жолу президенттикке коюуга укугу бар. 2027-жылы 5 жылдыкка, андан кийин да 5 жылдыкка укугу бар».

Мындан сырткары Ташиев Садыр Жапаровдун преизденттик шайлоого талапкерлигин коюуга юридикалык укугу бар экенин кошумчалады.

Exit mobile version