Марал Радиосу

БШК жаңы депутатка мандат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жайлообай Нышановго Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты ыйгарды.

БШКдан билдиришкендей, 16-декабрда комиссиянын жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Жайлообай Данибаевич Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.

Жайлообай Нышанов өз арызынын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Чынберди Төлөновдун ордуна депутат болуп келди.

Exit mobile version