Марал Радиосу

Ташиев чек арада үйү өрттөлүп кеткен аксакалга акчалай жардам көрсөттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2020-жылы үйү тажик тараптын провокаторлору тарабынан өрттөлгөн Көк-Таш айылынын Чек-Дөбө жергилигинин тургуну Абдурахим Мажитов аксакалды кабыл алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев аксакалга акчалай колдоо көрсөттү.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Камчыбек Ташиев бул аксакалдын өрттөлгөн үйүн калыбына келтирүү үчүн акчалай колдоо көрсөтүп, бул үй стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, үйдү тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын демилгелеген болчу.

Exit mobile version