Марал Радиосу

Өлкөдө бизнести колдоого 3 млрд сом кепилдик берилди

akcha

«Кепилдик фонд» ААК үстүбүздөгү жылы өзүнүн ишмердигинин бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине берилген кепилдиктердин кезектеги рекорддук суммасына жетишти.

Фонддон билдиришкендей, бул сумма үч миллиарддык белгиден ашып, 11-декабрга карата 3 млрд 48 млн сомду түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2 млрд 820 млн сом деңгээлинде болгон, ал учурда эң жогорку көрсөткүч болгон.

2024-жылы берилген кепилдиктердин көрсөтүлгөн суммасы ишкерлерди 8 млрд 770 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААК аркылуу бизнести өнүктүрүүгө багытталган кредиттик каражаттардын суммасы 8 млрд 26 млн сомду түздү.

Exit mobile version