Марал Радиосу

Рубль дагы арзандады. Валюталар курсу тууралуу маалымат

Dollars, Russian roubles and Euro close up background

Акыркы сутка ичинде евронун, орус рублинин, юандын жана тенгенин сомго карата расмий курсу төмөндөп, доллардын курсу жогорулады.

12-декабрга карата Бишкектеги банктарда доллар орто эсеп менен 86,65 сомду түзүүдө. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 86,80 сом.

Евронун сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды. Учурда бир евро орто эсеп менен 90,60 сомдон сатып алынып, 91,60 сомдон сатылууда. Расмий курс 91,1877 сомду түздү.

Ошондой эле орус рубли да төмөндөп, банктарда 0,79-0,80 сомдон сатып алынса, 0,86-0,90 сомго чейин сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,8533 сомду түздү.

Теңгенин да курсу төмөндөгөнү байкалды расмий курс – 0,1680 сом.

Ал эми юань да кымбаттап, бир юань11,9472 сомду түзүүдө.

Exit mobile version