Марал Радиосу

Аба ырайы: Түнкүсүн суук болот

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-декабрда өлкө аймагында -10…-23 градуска чейин абанын табы төмөндөйт.

Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн  -9…-14, күндүз 0…5,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2 градус суук.

Exit mobile version