Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ парламентте январда каралат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айынын ортосунда киргизилерин айтты. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында билдирди.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толук такталып, макулдашып бүтүрдүк. Бүгүн, 11-декабрда картографияны сызып даярдай баштайбыз. Мен да бүрсүкүнү Тажикстанга барам. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса, чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Буюрса, январдын ортосунда документти силерге алып келем. Чек ара чечилгенде «сен уттуң, мен уттум» деген болбош керек, достук келишимде чечилди» , — деди Ташиев.

Ушул жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болгон. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктаган.

Буга чейин чек ара такталбаганынан 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуу болгон.

Exit mobile version