Марал Радиосу

Сот Райымбек Матраимовдун иши боюнча өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 6-декабрда 100 миң сом айып пул салып, өкүм чыгарды. Бул тууралуу 9-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Сот Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салды. Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, ошондой эле материалдык зыянды төлөгөндүгү үчүн эркиндигинен ажыратылган эмес”-, деп айтылат маалымтта.

13-ноябрда сот Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошоткону кабарланган.

14- ноябрда Жогорку Кеңеште УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов кармалган учурда үч берене менен айып коюлганын. Алар — чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, бейбаштык, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча беренелер. Матраимов акыркы жолу бюджетке 200 млн доллар төктү. Жалпысынан 19,5 млрд сом бергенин айткан.

Камчыбек Ташиев акчаны төлөгөндөн кийин Райымбек Матраимовду түрмөдө кармап отуруштун пайдасы жок экенин айтып, жакында коррупциядан өндүрүлгөн каражаттар тууралуу маалымат жыйын берилерин кошумчалады.

Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган. Кийин алар үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Exit mobile version