Марал Радиосу

Кадамжайда табигый кырсыктарды алдын ала аныктоочу метеостанция ачылды

Баткендин Кадамжай районунун Майдан айылында Фергана өрөөнүндө эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Фергана өрөөнү – Борбордук Азиядагы калкы жыш жайгашкан жана климаттык коркунучтарга өзгөчө дуушар болгон аймактардын бири. Аймакта суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый кырсыктар көп катталат.

Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый коркунучтарды убагында аныктоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала божомолдорду жакшыртууга, ошондой эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт.

Бул долбоор Европа биримдиги тарабынан каржыланган БУУнун өнүктүрүү программасынын «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» программасынын алкагында ишке ашырылды.

Exit mobile version