Марал Радиосу

Бир аптада курч респиратордук инфекцияларга чалдыккандар 7 миңден ашты

Кыргызстанда бир жума ичинде, тагыраагы, 2-8-декабрда дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү менен 7335 учур, сасык тумоонун бир учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Өткөн жумага салыштырмалуу көрсөткүчтөр 3,8% га өстү. Бейтаптардын 70 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл жана Талас облустарында оорунун деңгээли жогору.

Октябрь айынан бери коронавирустун 15 учуру, сасык тумоонун 4 учуру катталды.

Exit mobile version