Марал Радиосу

Жактоочу Темирлан Султанбековдун абалы боюнча маалымат берди

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков абакта ачкачылык кармоону улантууда. Бул тууралуу жактоочусу Айбек Турдуев «Маралга» билдирди.

Анын айтуусунда, Султанбеков 26 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Учурда абалы орто, бирок бир канча оорулар пайда болуп жатат.

«Темирлан Султанбековдун абалы орточо, 26 күндөн бери тамак жей элек. Мунун кесепетинен бир канча оору пайда болуп жатат, алсыз болууда. Буту колу үшүп, денесине майда кызыл нерселер (высыпание) пайда боло баштады. Көзүнүн көрүүсү дагы да начарлоодо. Биз Темирлан Султанбековдун абалы боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз», — деди жактоочу.

18-ноябрда Султанбеков түрмөдөн кат жазып, өзүнө кол салбай турганын жана эч нерседен коркпой турганын айткан.

Темирлан Султанбеков жана «Социал-демократтар» партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина, партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камакка алынган.

Exit mobile version