Марал Радиосу

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта кар жаайт

default

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерге туман түшөт.

Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…-9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -6…-8 градус суук.

Exit mobile version