Марал Радиосу

Балыкчы-Бишкек жолунун боюна 500 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Балыкчы-Бишкек унаа жолунун боюна 500 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду.

Бул өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын жана жергиликтүү мекеме-уюмдардын кызматкелеринин катышуусунда өтүп, жалпы 500гө жакын жаран катышты.

Акциянын максаты – өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын узак мөөнөткө сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Отургузулган ийне жалбырактуу дарактар абанын сапатын жакшыртууга, кыртыштын эрозиясын алдын алууга жана жаңы жашыл аймактарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Exit mobile version