Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасынын сызыгын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Exit mobile version