Марал Радиосу

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы кармалганы кабарланууда

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет расмий маалымат бере элек.

6-декабрда Салык кызматынын төрагасы акциздик салык иши боюнча УКМКга сурак берген.

Ошондой эле Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганын Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазган. Кыдыргечев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланган.

Мекеменин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы айтылган.

4-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги башкармалыктарынын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. Алар 2024-жылы Бишкек шаарынын аймагындагы товарлардын акциздик тобуна жалпы наркы 3,2 миллиард сомду түзгөн эсеп-фактураларды атайылап көз жаздымда калтырышканы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек райондук бөлүмдөрүндө жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына тинтүү жүргүзүлдү.

Мындан тышкары мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн тиешелүү текшерүүлөр дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде бул кылмышка шектүү катары Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын төрт жетекчиси кармалып,
сот тарабынан бөгөт коюу чарасы каралды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында салык системасындагы жемкорлук тууралуу айтып жатып, дагы бир катар жетекчилер кармалышы мүмкүн экенин айткан.

Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгына 2021-жылы дайындалган. Ал бул тармакта 2011-жылдан бери иштеп келген.

Exit mobile version