Марал Радиосу

УКМК: Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери пара алуу фактысы менен  кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери пара алуу фактысы менен  кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, А.Э., К.С. аттуу чек ара кызматынын аскер кызматкерлери кармалган, алар ири өлчөмдө акчалай сыйлык үчүн чет мамлекеттин жаранына Кыргыстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып, жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында көмөк көрсөтүшкөн.

Чет мамлекеттин жараны Кыргызстандын аймагындагы ири суммадагы акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүрүүгө убактылуу чектөө бар экенин түшүнүп, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналган Кыргызстандын жараны А.Т. менен ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык алуу үчүн, бул ишке айрым чек арачыларды тартуу менен Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилдегндиги, учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды тактоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Exit mobile version