Бүгүн, 6-декабрда саат 08:00дөн 15:30га чейин Бишкек шаарынын батыш тарабында ысык суунун параметрлери убактылуу төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
«Көчөдөгү курулуп жаткан жаңы жолдун үстүнөн өткөн буу түтүктөрүн кайра кесүү боюнча мындан аркы жумуштарга даярдык көрүү максатында Бакаев кочосунон темир жол линиясы менен кесилишкен жеринде №96 стационардык тирөөчтөн батыш тарапка «Бишкексельмаш» отканасын көздөй буу берүү токтотулат»,- деп айтылат маалыматта.
Бул иштер жаңы жолдун курулушун тездетүү, ошондой эле жылуулук менен ишенимдүү камсыздоо жана суук мезгилде авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылды.