Марал Радиосу

6-декабрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +3…+5° жылуу болот.

Exit mobile version