Марал Радиосу

Ташиев: Журналисттерге толук эркиндик бар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты.

Ал 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып, журналисттер өлкөгө бүлүк салбай, каалаганын жаза берүүгө эркиндик бар экенин белгиледи.

“Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар. Эмнени жазса жаза берсин. Бирок Кыргызстанга бүлүк салбашы керек. Бүлүк салгандарды биз тартипке чакырдык, мындан ары да чакырабыз. Керек болсо жакында интернетте жалаа жапкандарды жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, аны менен да тартипке салабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Exit mobile version